Ушул убакта гана жалгыз калган болом, болбосо эртең менентен баштап кечке адамдар менен сүйлөшөм, иштешем дегендей… Жумушум жагат, бирок кесиптештерим көп жага бербейт. Аллахым мени жөн жерден ушул жакка алып келбесе керек. Мурдагы күнү башкаруучудан буйрук түшүп, аны мен сыяктуу бир мекемеге жооп берген кесиптешке да жеткирип айтып коюуну буюрган эле. Ошол нерсени айтсам, аябай катуу кыйкырынып, учурашпай туруп ар кандай аудио запистерди кетириптир! Угуп алып шок абалында калдым. Ачууландым. Аллах тарбиялады, напсимди камчы менен бир ургандай сезилди.”Жетекчинин оң колу болуп алдың, эмне кыйын болосуң, өз ишиңди кыл, бирөөнүн ишине кийлигишпе!” Деп жана башка толтура сөздөрдү айтыптыр. Чынымды айтсам, азыркы жетекчим, башында ушу жумушка үйрөткөн “окуучум” болгон. Анан бир маселе болсо : менден улуулугуна карабай, акылдашат. Албетте өзгөрүүлөр болду, ал чоң сүйлөп, мен ээнбаштык кылып коём(моюнга алам). Ошентип, ызы-чуу кылып, кызындай болгон кызга теңелип тиги айым урушкандыктан, тынч эле жүрөйүн деп өзүмө сөз бергем ошол күнү. Бүгүн эмне болду десеңер: эртең боло турчу иш чарага мени жана дагы бир эжени дайындашыптыр жетекчилео😂! Ошол иш чарага тиги айым да барат, реакциясы кандай болот билбеймин) Анан калса секретарь айтып коёт: Сен анан Н….. эже жооп бересиздер, ал эжеге да түшүндүрүп айтып койчу деп. Болуп өткөн ситуацияны баяндап бердим да, эми ага өзүңүз эле айтпасаңыз, азыр мен айтсам, эми тигиниси бүтүп мунусу баштайт, дагы бир балээге калгым келген жок деп😅. Ушундай анан эч кимге билинбей, өзүм менен өзүм жүрөйүн десем да андай болбой жатпайбы! Иш чарага 150+ адам катышат экен. Аллахым ар бир күнүбүзгө жеңилдик берсин. Мен көп нерсени айткан жокмун, айта да бербейм. Бирок сабак болгон нерсени же өзүмө жагымдуу окуяны баяндаймын. Эмне дегим келди ушуну менен: адамдар сага канчалык бут тосуп, жалаа жаап, моралдык жактан кысым көрсөтсө да, Аллах Таала каалап койсо баарынын жогору коюп коёт экен сени. Баары бир өйдөлөгөндүн үстүндө болуп, эч ким сенин ырыскыңды, репутацияңды тартып ала албайт экен. Сен жөнүндө сүйлөп жатышабы? Демек сен алдыдасың❤️🔥