Супер-инфо интервью📰
✍🏻Сизди сахна ханышасы деп аташат. Буга башка сахналаштарыныз чычалашы мүмкүнбү?
- Мени сахна ханышасы деп атагандары, албетте, мага жагымдуу. Ошол статуска татыктуу болгонго дайым аракет кылам.
✍🏻Чыгармачылык үй-бүлөлүү аялзаты үчүн
оор дегенге кошуласызбы? Энелик, жубайлык,
келиндик милдеттер кантип жатат?
- Аялзаты үчүн эле эмес, негизи эле чыгармачыл үй-бүлөлүү инсандан эки жакты тең алып кетүү чон мээнетти, эмгекти,убакытты талап кылат. Түгөйүн колдобосо, албетте, өсүү кыйын, бир жактан болбосо, бир жактан аксайсын. Андыктан түгөйлөр бири-
бирин колдоп, түшүнүп иш алып барса гана ал үй-бүлөдө ийгилик жаралат. Иште иштей, үйдө үйдөгүдөй жүргөн айыммын. Албетте, баарына жетишүү оной эмес. Ортодо балансты кармап, убакытты туура бөлүштүрүп, баарына жетишкенге аракет кылам.
✍🏻 Сахнадагы образдарыныз дайыма өзгөчө,
бул жаатта өзүңүз изденесизби же бул ишти
атайын адиске тапшырдыныз беле?
- Бардык образдарымды өзүм ойлоп табам.
Идеяга аябай бай адаммын.
✍🏻Бир куну Ош менен Жалал-Абадда, эртеси Бишкекте жургөн болосуз, чарчаган учурларыныз болобу?
- Азыр талыкпай иштей турган убагым, чарчаганга акым
жок. Элимдин жакшылыктарында, эн маанилүү, бактылуу
күндөрүндө алар менен чогуу болуу - мен үчүн чон бакыт. Сени күткөн, жылмайган жүздөрдү көргөндө
кантип чарчайсын.
✍🏻 Жан дүйнөнүз чарчаган учур да болбойбу? Кайсы
бир учурда той-концертти жыйыштырып, өзүңүзгө эс
алуу жарыялашыныз мумкунбу?
- Менин жан дуйнөм чарчабайт. Азыр энергиям ашып-ташып иштейм жана иштейм деп турган чагым. Ал эми
катардагы эс алуу жөнүндө айтсам, үй-бүлөм менен балдарымдын жытын жыттап, аларга түрдүү тамактарды
жасап берип, кеңири уктагандан, эч жакка шашпай
убакыт өткөргөндөн ырахат алам.
Уландысы кийинки постто…
Стоп бүгүн✨